Биз менен байланышыңыз

9-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 463 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +16 … +21 °C, күндүз +29 … +34 °C;

Таласта түнкүсүн +11 … +16 °C, күндүз +27 … +32 °C;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22 °C, күндүз +29 … +34 °C

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9… +14 °C, күндүз +19 … +24 °C

Нарында түнкүсүн +7 … +12 °C , күндүз 18 … 23 °C

Бишкек шаарында 9-июлда күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 18 … 20 °C градус, күндүз 32 … 34 °C градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM