Биз менен байланышыңыз

Соль-Илецктен 963 жаран автобус менен алынып келинди

Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 934 | 0

Бүгүн, 6-июль күнү Орусиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Бишкекке 20 автобус менен 963 жаран алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, Соль-Илецк шаарында туруп калган кыргызстандык жарандарды мекенине алып кетүү үчүн Казакстан менен транспорттук коридиор түзүп берүү маселеси макулдашылган.

Кыргызстандын жарандарын Орусиядан кайтаруу автобустар менен ишке ашырылууда. Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосунда дагы 12 автобус менен 533 жаран кыргыз-казак чек арасын көздөй келе жатат.

Тышкы иштер министрлиги, Орусияда жүргөн кыргызстандык жарандарды чек ара ачылганга чейин орус-казак чек арасына келбөөнү суранат. Ошондой эле, министрлик, кыргызстандык жарандардын орус-казак чек арасына келип, топтолушунун алдын алуу максатында Орусиядан (Москва, Новосибирск жана Екатеринбургдан) Кыргызстанга учкан чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөнүн билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM