Бүгүн, 5-июлда Бишкек-Москва каттамы менен 195 жаран Орусияга учуп кетет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, учак «Аэрофлот» компаниясы аркылуу уюштурулуп, саат 16:05те учуп кетет.
Бул каттам менен Бишкектен Москвага 195 адамды жеткирүү пландалууда.
Кечээ, 4-июль күнү Москва-Ош каттамы менен чартердик рейс аркылуу Орусиядан 148 КР жараны кайтып келди.