Биз менен байланышыңыз

Арыстагы жарылууга байланыштуу Бишкек-Москва багытындагы поезд токтотулат

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 640 | 0

Казакстандын Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылууга байланыштуу Бишкек-Москва багытындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди токтотулат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Азырынча аталган багыттагы поезд каттамы качан иштей баштай тургандыгы тууралуу так маалымат жок.

Эске салсак, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча 09:20да Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болду. Бийлик шаарга өзгөчө кырдаалдар режимин киргизип, жашоочуларды эвакуациялоодо. Жардыруу болгон жерге Коргоо министри Нурлан Ермекбаев учуп барып, окуянын жеринен таанышты.

Ошол эле учурда “Айлана чөйрөгө коркунуч жатараткан заттарды сактоо эрежесин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Copyright © 2017 Maral FM