Биз менен байланышыңыз

Орусияда COVID-19дан каза болгондордун саны алты миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 690 | 0

Орусияда COVID-19 инфекциясынан каза болгондордун саны 6 миңден ашты. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, РБК агенттиги жазды.

Жалпы Орусияда SARS-CoV-2 коронавирусун жуктуруудан каза болгондордун саны 6142 адамды түздү. Акыркы сутка ичинде өлкөдө бул илдеттен 171 адам көз жумду.

Жалпысынан өлкөнүн 85 аймагында 485 миң 253 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, акыркы 24 сааттын ичинде алардын саны 8 миң 595ке көбөйгөн.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун дээрлик жарымы Москвада катталган (3029).

Орусияда акыркы суткада аталган илдеттен 11 миң 709 адам айыгып чыкты. Өлкөдө илдет пайда болгондон бери жалпысынан 242 миң 397 адам толук айыгып, ооруканалардан чыгарылган.

9-июндан баштап Москва шаарынын бийлиги коронавирус пандемиясынан улам коюлган чектөөлөрдүн көпчүлүгүн алды. Электрондук уруксат кагаздары, сейилдөө графиги жана өзүн-өзү изоляциялоо режими жокко чыгарылды. Эми москвалыктар, анын ичинде 65 жаштан ашкан улгайган адамдар да көчөгө эркин чыга алышат. Кийнки этапка саякаттоо үчүн турлар, сулуулук салондору, спорт клубдары жана ресторандар ачылууга даярдалып жатат. Чектөөлөрдү алып салуунун кийинки баскычтары 16 жана 23-июнга белгиленди.

Чындыгында, Москва жашоонун кадимки ритмине кайтууда, — деди Москва шаарынын мэри Сергей Собянин өз кайрылуусунда.

Copyright © 2017 Maral FM