Биз менен байланышыңыз

Атамбаев учкан учак Москвага конду

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 811 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учкан «РусДжет» авиакомпаниясынын «ВС: RRJ-95B» учагы Москвага конду.  Бул тууралуу «Flight Radar-24.com» порталы чагылдырды.

Маалыматка ылайык, Атамбаевди КСДПнын башчысынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова, Жогорку Кеңештин депутаттары Мурадил Мадеминов, Ирина Карамушкина, КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева жана партиянын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков коштоп барышты.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев бүгүн саат 12:30дар чамасында Канттагы авиабаза аркылуу Москвага учкан. Ошондой эле, Атамбаев тарапташтары менен коштошуп жатып, эртең кайра кечки саат жетилерде кайтып келе тургандыгын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM