Биз менен байланышыңыз

«Элим, барсыңбы!?» фонду атын колдонуп акча чогулткандарга ишенбөөгө чакырат

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 970 | 0

«Элим, барсыңбы!?» коомдук кайрымдуулук фонду инстаграм социалдык баракчасындагы elimbarsynby_312 атын колдонуп фейк аккаунт ачып, жөнөкөй элди алдап, өз кызыкчылыгы үчүн акча чогултуп аткан аккаунтка ишенбөөгө жана акча которбого чакырат. Бул боюнча фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, фонддун кызматкерлери байланышканда өзүн Руслан Айтиев деп тааныштырган мырза «Жароокерлик фонду» менен бирге иштеп жатат деген жалган маалыматты айткан.

«Инстаграм социалдык баракчасындагы elimbarsynby_312 атын колдонуп фейк аккаунт ачып, Түркиядан 550 долларга ИВЛ аппараттарын жана кослароддук концентраторлорду алып келебиз деп жазышыптыр. Анда «Элим барсыңбы?», «Жароокерлик» фонду бар экен. Шылуундар аталган эки фонддун атынан каражат чогултууну башташты. Ушундай кырдаалда шылуундар элдин өмүрү менен ойноп, баракчага белгилүү ырчылардын сүрөттөрүн коюшуптур. Инстаграм баракчасын жакында ачканы көрүнүп турат. Биз учурда юридикалык бардык териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. 0990256503 номуруна каражат которгондор 24 сааттын ичинде кайра кайтарып алып, бөгөт коюп койсо болот. Аталган номур биздин фондго тиешеси жок. Расмий булактар аркылуу жардам берсеңиздер, сураныч», — деди Кубанычбеков.

Фонд элди дүрбөлөңгө салбай, калпычыга алданбоо максатында бардык териштирүү иш-чараларды көрүп жатат.

Эске салсак, өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу коомдук активисттер жасалма деп алдыруучу аппараттарды жана кычкылтек концентраторун алуу үчүн акча топтоп жаткан.

Copyright © 2017 Maral FM