Биз менен байланышыңыз

Атактуулардын аттарын ким койгон?

Минюра Рахимжановаырчы

Менин атымды чоң апам койгон, эч кандай деле маанини билдирбейт.  Баары эле таң кала берет, эмнеге Минура, Мунара эмес деп. Биринчи класска барганда мугалимдер  Минюра миниатюрная деп ат коюп алышкан (күлүп). Мураталы Куреңкеев атындагы окуу жайда окуп жүргөндө география сабагынан берген агай төртүнчү курсту бүтүп жатканда гана, атым кантип туура жазыларын билген, ага чейин  Мени Юра деп жазып жүрүптүр. Ал ойлоптур: «Мен» — аты,Юра»- деген  фамилясы депчи (күлүп). Мени кыргыз эмес ко деп ойлочу экен, ал жактан көбүнчө орусча сүйлөчүбүз да, кийин угуп алып каткырып күлгөнбүз.

 

Ненаырчы

Өзүмдүн атымды аяш апам койгон, анын атын айтпайм(күлүп). Нэна деген — лакап ат менен чыгууну биринчи продюсерим Назира Раимкулова сунуштап, бул ысым бат  таанылып  кетти. Негизи, ат коюунун дагы өзүнүн милдети бар, эгерде эки анжы ойдо калып мындай коёт элек, же дагы башка ысымды койсокпу деп айтып калса, жашоосу дагы ошондой болуп калат. Себеби, адамдын  аты  деген тагдыр дегенди билдирет деп ойлойм. Ошол үчүн бул нерсеге жакшылап маани бериш керек.

 

Ишен Назаров — ырчы

Менин атым — Ишенбек,  төрөлгөндө аябай кичинекей болуп төрөлүптүрмүн. Анан атам тамашалап айтып калат: «эми кичинекей төрөлдү кийин кандай адам болот» деп ойлоп,  «бул балага ишенем, ишеничтүү адамым болот деп атымды Ишен деп койгон. Адамга ат койгондо маанисине карап, туура ат тандаш керек деп ойлойм. Себеби, ысым дагы таасирин тийгизет, кээ бирөө ысымдарын көтөрө албай калган учурлар дагы кездешет.

 

Шахрезада Аскарова КРнын Эмгек сиңирген  артисти

Менин атым Калича болмок экен, анан менин Шербет деген чоң апам; «болбойт башка ат койгула, бул менин кайненемдин аты,  кийин кантип айтмак элем»,- деп болбой коюптур. Андан кийин деле көп аттар айтылыптыр, улам эле бир нерсе чыгып калат дейт. Тигинин аты мунун аты деп олтуруп, атам китепти көп окуптур да. Мына сага деп «Миң бир түн» деген чыгармадагы каармандын атынан Шахрезада деп атымды койгон экен. Бул атты койгондон кийин дагы каршы чыккандар болуптур, кайдагы кыргызда жок атты коесуң деп, атам болбой эле ушул ысым болот деп коюп койгон экен. Мектепте окуп жүргөндө атымдан уялчымын. Баарынын аты — Айгүл, Нүргүл. Эмнеге менин атым башкача деп. Кийин, тескерисинче, кубанып, атым өзүмө жагып калды. Ошол ысымга  татыктуу болоюн деп аракет кылып калат экенсиң.

Жоодарбешимырчы

Атымды ыраматылык атам койгон экен. «Эр Төштүк» деген эпосту баары эле билсе керек, ошондогу Гүлайым деген аялынан туулган Төштүктүн Жоодарбешим деген уулу болгон. Маңдайында калы бар, жүрөгүндө жалы бар деп мына ошол эпостогу каармандын атынан атайын койгон экен. Адамга ысым ыйгарарда жакшылап көңүл буруш керек деп ойлойм. Себеби, аттын адамга тийгизген таасири  чоң болот. Илгертен бери эле ат койгондо ырымдап бай болсун, манап болсун деп тилек кылса, Байболсун деген сыяктуу ысымдарды коюп келген да, жакшы жөрөлгө деп жакшы ниет менен ат коюшкан. Мен дагы апамдын уруксаты менен кызыма Алсу деген ысым ыйгардым. Бул ысым  «аруулук, тазалык ,бийиктик»- дегенди билдирет.

Гүлзинат Суранчиева —  КРнын Эмгек сиңирген артисти

Гүлзинат деген атымды атам койгон, себеби, үйдө баарыбыздын атыбыз гүлдөн башаталат, гүлбакча десем болот (күлүп).  Улуу эжемдин аты — Гүлзат, сиңдимдин аты — Гүлзина, апамдын аты — Зайрагүл да. Маанисин айтып өтсөм зыйнат деген сөздү өзүңөр билесиңер, сыйлуу, урматтуу дегенди билгизет. Ал эми, кыздарга гүл деп койгон жакшы да. Гүлдөй назик, сулуу болсун деп коюлат. Адамдын аты өзүнүн келбетине, мүнөзүнө шай келип калат, ошол себептүү атты дагы  жакшылап маани берип коюш керек. Азыркы учурда мусулман ысымдар көп коюлуп жатат. Кээ бир учурда социалдык тармактардан да «балалуу болдум ысым тандап бериңизчи» деп сурап калышат . Мен кыргызча ат койгонго үгүттөйм, кыздарга Акмарал, Айзирек деген кыргызча дагы жакшы ысымдар көп, ошондуктан кыргызча нукура  ысым койгонго чакырам.

Лутфилла – ырчы, продюсер

Атымды чоң энем койгон. Куран китебинен  алынган  ысым экен. Атамдын бир тууган  инисинин баласы дагы ошол күнү төрөлүп калып, үч ысымды туура көрүшөт: Мухаммед, Бирназар анан  Лутфилла  деген. Бирназар ошол иниме анан Лутфилла  деген ысыммага ыйгарылган  экен. Ал эми ошол кезде Мухаммед деген  ысым көп  болгондуктан  коюлбаптыр. Лутфилла- «бүт аалам Аллахты  сүйөт» — дегенди  түшүндүрөт. Кээ бир  адамдар  «атыңды  өзгөртпөйсүңбү? Сахнага чыгыш үчүн  ушундай ат коюп алдыңбы? Бул  ысымды  таанытышың  кыйын го? Атың  аябай  татаал экен» дегендер да  болгон. Азыр  көптөр бул ысым менен мени таанып  калды . Жашооого адамдын аты таасир  берет. Концерт, тойлордо  кээ бир  адамдар:»сендей болсок  экен» деп балдарын  көтөрүп келишип, «баламдын  атын  сенин ысымыңдан  атадык» деген учурлар көп болот. Атын  көтөрө албай ооругандарды дагы укканмын. Бирок меники, тескерисинче, көп  ийгиликтерди  алып келди. Бир мисалын  айтсам, көптөгөн таланттардын элге  таанылып чыгышына өзүмдүн атым менен чуркап жүрүп жардам бердим десем  болот. Азыр “Лутфилланын  балдары” дешип  таанышат. Анткени, бул ысым азырынча жокко эсе.

 Баян Сыдыкова — ырчы

Атам — кыргыз ,апам — казак. Бизде Курманжан датка апабыздай казактарда дагы, «Козы Көрпеш, Баян сулуу»- деген тарыхый инсандары болгон экен. Атамдын агасы да музыкант. Ал киши баянда ойнойт. Ошол себептен улам кыргыздын кызы казактын жээни, Баян сулуу деп атайын коюлган экен. Баян деген атым бала кезимде өзүмө көп жага берчү эмес, орой угулган сыяктуу болуп. Кийин бойго жеткен сайын, тескерисинче, жага баштады. Мындай ысым сейрек кездешет, көп кишиден деле уга бербейсиң, эң негизгиси, өзүмө жагат.

Copyright © 2017 Maral FM