Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 21 миңден ашык адам оорулуулар менен байланышта болгон

Кыска кабар | 2 Июл 2020 | 446 | 0

Акыркы сутка ичинде 3 миң 281 изилдөө жүргүзүлдү.  COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 21 миң 950 адамды түздү. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ошол эле учурда 18 медкызматкер оорудан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 921 учур катталды, алардын ичинен 464 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM