Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавирустун жаңы 48 миңден ашык учуру катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2020 | 559 | 0

Акыркы 24 саатта АКШда 48 миңден ашык коронавирус инфекциясы катталгандыгын Reuters агентиги жазды.

Федералдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле ЖМКлардын жана башка ачык булактардын маалыматтарын жалпылаган Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Кошмо Штаттарда COVID-19 инфекциясы менен жалпысынан 2 млн 682 миң 270 учуру аныкталып, 729 миң 994 адам айыгып, 128 миң 288 бейтап көз жумган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта жаңы COVID-19 коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM