Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында Кембридж мектеби ачылат

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 1832 | 0

Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу Зуура Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейинин башталгыч мектебинде Jalal-Abad Сambridge Рrimary School (Жалал-Абад Кембридж башталгыч мектеби) мектеби өз ишин баштайт.

Окуу программасы катары дүйнө жүзүндөгү эл аралык билим берүү программаларын сунуш кылган эң ири уюм — Cambridge Assessment International Education системасында өз ишин алып барат. Кыргызстанда эл аралык Кембридж стандарттары менен окутуп жаткан мектептер саналуу гана, алардын бири — United World International School. Ал Бишкек шаарында жайгашкан жана 2014-жылдан бери иштеп келет.

Быйыл З. Нурматова атындагы Жалал-Абад башталгыч мектеби жогоруда аты аталган UWIS менен биргеликте Кембридждин эки классын ачты: 7-8 жаштагы балдар үчүн 1-класс жана 2-класс ачылып, окутуу программасы Улуу Британиянын билим берүү стандартына негизделет. Кембридж программасынын аткарылышын UWIS көзөмөлдөйт жана чет элдик мугалимдер сабак берет.

Бул программанын дагы бир артыкчылыгы ар бир мугалим белгилүү курстарды бүткөндөн кийин Кембридждин программаларын үйрөтө алат. Тактап айтканда, Cambridge Assessment International Education мугалимдердин өнүгүүсү үчүн өз платформасына ээ.

Кембридж мектебинде сабактарда мугалимдер гана эмес, психологдор да иш алып барат. Окутуу 4-бөлүктөн турат. Билим берүүдөгү эң негизги пайдубал башталгыч класста түптөлгөндүктөн, буга өтө дыкат маани берилет.

Башталгыч класстардагы окутуу ыкмасы:

1. Бөлүк — Primary school (Кембридж Башталгыч Мектеби). Бул бөлүмдө негизги сабактар: Англис тили, математика ICT (информатика) жана global perspective (глобалдык негиздер), ошондой эле кыргыз тили, орус тили жана билим берүү системасындагы бардык сабактар өтүлөт. Белгилей кетчү нерсе окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Бул программа боюнча башынан баштап окуган балдар тилди да мыкты өздөштүрүшөт.

Кембридж программасы балдарды эсептегич катары эмес, билимдин маңызын түшүнүүгө жана жашоодо колдонууга үйрөтөт. Бул жерде окуу процесси жана аны турмушта колдонуу маанилүү. Балдар айлана-чөйрөнү изилдеп, жаңы ачылыштарга умтулушат.

Кембридждин эл аралык окуу пландары 160 мамлекеттин 10 миңден ашуун мектептеринде колдонулуп, дүйнө жүзүндөгү университеттер, билим берүү уюмдары тарабынан расмий таанылган.

Кембридж программасынын бүтүрүүчүлөрү дүйнөдөгү бир катар университеттерге кирүү үчүн эл аралык стандарттагы сертификатка, ошондой эле Кыргызстан жана Улуу Британиянын аттестатына ээ болушат.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе З.Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейинин Башталгыч Мектеби 2009-жылы ачылган.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефону:0771414816, 0555120611.
Дарек: Жалал-Абад шаары, Островский көчөсү 143. Болжол Жалал-Абад суу тармагы, Банк ФИНКА

Copyright © 2017 Maral FM