Биз менен байланышыңыз

Президент: тойлорго расмий тыюу салууга убакыт келип жетти

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 5179 | 1

Массалык иш-чаралар жана тойлорго расмий түрдө тыюу салуу зарылчылыгы пайда болду. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда айтты.

Жээнбековдун айтымында, учурдагы пандемия шартында калк арасында той, массалык адам чогулган иш-чараларды уюштургандар кайра көбөйгөндүктөн, вирус бат жайылууда. Ошондой эле айрым аткаминерлердин той-топурларды өткөрүп жатканын чыккынчылык катары баалап, медиктердин аракетине кыянат болуп жатканын айтты. Ушундай массалык чогулуулардын айынан коронавирус жайылып жатканын кошумчалады.

«Эскертүүлөргө карабай, белгилүү эле адамдар да той берип же көп адам чогулган иш-чараларды өткөрүүдө. Калк арасында да той өткөрүү көбөйө баштады. Мындан улам, пандемия жолго салынганга чейин тойлорго расмий тыюу салууга убакыт келип жетти»,-деп кошумчалады өлкө башчы.

Белгилей кетсек, Президент Жээнбеков бүгүн парламентте жаңы куралган өкмөттүн антын кабыл алуу үчүн жыйынга катышты.

Тойлордун тыйылар түрү барбы?

Copyright © 2017 Maral FM