Былтыр Кыргыз тойлорун жаңы үлгүдө өткөрүү боюнча сценарий жазууга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги конкурс жарыялаган болчу. Анда атайын 11 кишиден турган комиссия түзүлүп, мыкты жазылган сценарийлерге байгелер да коюлган. Бирок ал сынактын жыйынтыгы эмне болгону коомчулукка белгисиз болуп калган. Бүгүнкү күндө тойлорду өткөрүүдө бир стандарт жок. Адистер тойлорду өткөрүүдө ысырапкорчулуктан жана карыз болуп кетүүнүн алдын алуу үчүн атайын иштелип чыккан стандарттар болушу керек деп эсептешет. Кыргысзтан той-топурду өткөрүүдөгү чектерге даярбы? Кантип чыгашасы жакшылыкты белгилөөгө болот?
Түзүлгөн комиссияда пикир келишпестиктер болгон
Мындан бир жарым жыл мурун тойлорду жаңыча өткөрүү боюнча сценарийге Маданият, маалымат жана туризм министрлиги конкурс жарыялап, а түгүл мыкты сценарий жазган алдыңкы 3 орунга байге койгон эле. Бирок сынактын жыйынтыгы элге жарыяланган эмес. Тойлордогу чыгымдардын, убактысын кыскартуу боюнча сынакта түзүлгөн комиссиялардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, иш аягына чыкпай калган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева билдирди. Себеби аталган комиссиянын курамында тойлордо кызмат кылган алып баруучулар да болгон.
— Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жарыялаган сынакка 13 адамдан сценарий келип түшкөн. Бирок кыргызда бир гана үлпөт той эле болбойт да. Арасында сүннөт той, бешик той жана тушоо той деген сыяктуу жакшылыктар көп. Булардын бардыгына бириктирип бир эле сценарий жазып коюу туура болбой турганын айтышты. Анын үстүнө түзүлгөн комиссиянын ичинде жакшылыкта кызмат кылып жүргөн алып баруучулар бар экен. Тойдогу чыгашаларды кыскартууга каршы болушту. Биздин министрлик мыйзам киргизгенге укугу жок. Болгону коомчулукка жарыя кылып, сунуш айтып демилге көтөргөнгө укуктуу. Бирок биздин долбоор элге жарыяланганда коомчулуктун кадимкидей ою бурулуп, ысырапкорчулуктан арылуунун жолдорун издеп калышты.
Министрликтин сценарийи тойдогу ысырапкорчулукту тыя албайт
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз бир гана минисрликтин сынагы менен Кыргызстандагы тойлорго чектөө киргизүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Анткени буга коомчулук даяр эместигин айтып, буларга токтолду.
-Министрликтин жарыялаган сынагынын негизинде эле тойлорго кыскартуу кирип калат дегенден алысмын. Биздин элде эмне көп? Албетте, той көп. Бирок бул агымды бир күндө же бир эле сценарий менен чектеп, чекит коюуга мүмкүн эмес. Убакыт керек. Замандын алмашуусу керек болот.
Кыргыз эли жаңы, чыгашасы аз тойго өтүү үчүн дагы 20 жыл керек
Учурда ырчы-чоорчу, бийчинин тойдо кызмат кылып, бир тойдон экинчи жакшылыкка барганын социалдык баракчалардан байма-бай кездештирүүгө болот. Акыркы күндөрү тойлор бири-бирине коёндой окшошуп калганын сынга алгандар да жок эмес. Бирок тойдо алып баруучулук кылып жүргөн Канай Анаркулов ысырабы жок, чакан өткөн тойлор да болуп жатканын айтты. Бирок тойго болгон азыркыдай мамиле 5 же 10 жылда өзгөрбөйт деген ойдо.
-Кыргыздын тойлорунун эң чон кемчилиги бул — келген конокторго 3 тамак бермей. Ансыз деле үстөлдүн үстүндө башка тамак-аштар жайнап турат. Ал 3 тамакты бергиче, убакыт да кетет. Ошентип той түнкү 12 же 1 ге чейин уланат. Мындай көрүнүштөн эл кадимкидей чарчап калды. Башкача форматтагы тойду көргүсү келип, өзгөчө сценарийдеги жакшылыкты самап калды. Бирок убакытка да, чөнтөккө да зыян келбеген тойлор азыр да бар. Андай жакшылыктарды да алып барып жатабыз. Ошондо эле конверт үчүн эмес, сынаш үчүн эмес, бата үчүн келип, тойду берип калат. Кыргыз эли үчүн мындай багытка толугу менен өтүп, жаңылануу дагы бери дегенде 20 жылды талап кылат го дейм.
Коомчулук күркүрөгөн чыгашасы көп тойдун форматын өзгөртүүгө көз карашы кандай? Коомчулук буга кандай карайт? Биз бул суроолорго жооп алуу үчүн борбордун жашоочуларына кайрылдык.
-Менин балдарым чоңойуп келе жатат. Албетте, той берем. Менин да ошончо катышым бар. Бата алам, балдарымдын жакшылыгы менен бөлүшөм.
-Бул нерсеге чоңдор атайын мыйзам иштеп чыгышы керек. Ал мыйзам кагазда эле жазылып калбастан, иштеши керек. Мен колдомокмун. Бул — жөн гана ысырапкорчулук. Бизге мунун кереги жок.
-Канчалаган адамдар той беребиз деп, кредит алып карызга батып жүрөт. Азыр эч ким деле тойго сүйунүп келбейт. Кошумчага акча, кийимге акча керек да. Ошон үчүн мен тойлордогу ысырапкорчулукка каршымын.
Тойлордогу чыгашаны азайтуу көйгөйү коңшу Өзбекстанда да бар. Аталган мамлекеттин маданият министрлиги үлпөт тойлор менен салтанаттар үчүн бир стандарттагы сценарий иштеп чыгууну сунуштаган.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттык топ түзүлүп, тойлордогу шаан-шөкөткө, ысырапкорчулукка жол бербөө максатында атайын мыйзам иштелип чыккан. Бирок иштеп чыккан мыйзам долбоорго 70 депутат «каршы», 42 депутат «макул» деген добуш бергени үчүн өтпөй калган. Долбоорго ылайык, эң ири той деп эсептелген үйлөнүү үлпөтү 150 мейман менен чектелмек.