Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 8000ден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 671 | 0

Өзбекстанда коронавирустук инфекцияны жуктургандардын саны 8000ден ашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк отчетуна таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Өзбекстанда 29-июнь саат 10.00гө карата коронавирустук инфекциянын жаңы 83 учуру катталып, жалпы саны 8031ге жетти, — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы катталгандар карантиндик аймакта — 47, Ташкентте — 32, Жиззак облусунда — 4 учур.

Өлкөдө коронавирус пайда болгондон бери 5329 адам коронавирустан айыгып, 22 бейтап көз жумган. Ошентип, учурда инфекция менен активдүү күрөшүп, ооруканаларда дарыланып жаткандардын саны 2680ди түздү.

Copyright © 2017 Maral FM