Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап каза болду

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 880 | 0

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Республикалык клиникалык ооруканасында 1966-жылы туулган аял киши 24-июнда реанимацияга түшкөн. Келгенде эле бейтаптан коронавирустун оор түрү — эки тараптуу пневмония аныкталган. Ошондой эле, жүрөк жетишсиздиги жана дем алуу жетишсиздиги байкалган. Мындан сырткары, бейтаптын кан басымы жогору болуп, жүрөк оорусу, экинчи типтеги кант диабети оорулары бар экендиги белгилүү болгон. Реанимацияда дарыгерлердин жасаган аракетине карабай каза болуп калды.

Ошондой эле, Ош шаардык клиникалык ооруканасына 1953-жылы туулган эркек киши оор абалда эки тараптуу пневмония менен келип түшкөн. Дем алуу жетишсиздиги төртүнчү даражага жеткен. Бир нече күн ооруп үйдө жаткан, ооруканаларга грипп боюнча барып анализ тапшырганда, коронавирус бар экендиги  аныкталган. Интенсивдүү дарыланууга карабастан бейтап каза болуп калган.

Мындан сырткары, Ош гуманитардык университетинин клиникасына 1959-жылы туулган дагы бир бейтап Кара-Суу районунан 25-июнда келген. Келгенде эле эки тараптуу пневмония жана коронавирус экендиги аныкталган. Бейтаптын өнөкөт жүрөк оорусу жана ашказанында жарасы болгон. Дарылоо процесси жыйынтык бербей, бейтап каза болуп калды.

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата жалпы каза болгондордун саны 50 кишини түздү.

Copyright © 2017 Maral FM