Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө вирусту жуктургандардын саны он миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2020 | 617 | 0

Worldometer статистикалык порталынын маалыматына ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери 10 млн 088 миң 600 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган.

Жалпысынан оору башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча 501 миң  442 бейтап COVID-19дан көз жумган. Ошол эле учурда 5 млн 466 миң 534 адам коронавирустан айыккан.

Жалпы катталгандардын төрттөн бир бөлүгү АКШга туура келет. Анда жалпы 2 млн 596 миң 575 учур аныкталган.  Экинчи орунда — Бразилия (1 315 941), үчүнчү орунда Орусия (627 646), төртүнчү орунда Индия (528 миң), бешинчиде Улуу Британия (311 миңден ашык) турат.

Алгачкы учурларда окумуштуулардын COVID-19дун дем алуу органына гана терс таасирин тийгизет деген божомолдору туура эмес болгон. АКШ окумуштуулары бул илдетти бүт денеге зыян келтирип жана анын терс таасири дагы бир нече жылга чейин организмге таасир этет деген тыянак чыгарды.

Copyright © 2017 Maral FM