Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 7725ке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2020 | 478 | 0

Өзбекстанда COVID-19 коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 7 миң 725 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 43 учур катталган. Ал эми 202 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Өзбекстанда санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандарга өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилди.

Учурда өлкөдө 7 миң 725 адам илдет жуктурса, анын 5 миң 240ы айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 20 бейтап каза болду. Учурда 2 миң 465 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 19унун абалы оор болсо, алтоонун абалы өтө оор.

Copyright © 2017 Maral FM