Биз менен байланышыңыз

Казакстан 11 мамлекет менен каттамдарын жандандырат

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 2395 | 0

Казакстан бир катар мамлекеттер менен эл аралык каттамдарын жандандырат. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты республиканын транспорт боюнча башкы санитардык врачы Садвакас Байгабуловго шилтеме берип жазды.

Казакстан эл аралык рейстерди жандандырган биринчи жана экинчи категориядагы өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтти. Биринчи категорияга Венгрия, Индия, Германия, Чехия жана Малайзия кошулду. Биринчи категориядагы өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөр үчүн эч кандай чектөөлөр жок. Буга чейин биринчи категорияга Кытай, Корея, Грузия, Япония жана Таиланд кирген. Экинчи категориядагы өлкөлөргө Египет, Украина, Польша, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан кирет. Буга чейин Түркия менен гана байланыш болгон. Экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөр үчүн төмөнкүдөй чектөө бар. Эгерде коронавируска каршы күбөлүк болсо, ага эч кандай чектөө болбойт. Эгерде сертификат жок болсо, анда 48 сааттын ичинде ПЦР анализине же 14 күндүк үй карантинине жөнөтүлөт, — деп түшүндүрдү Байгабулов.

Ал белгилегендей, күбөлүк алгандан баштап мамлекеттик чек арадан өткөн күндөн тартып беш күнгө чейин жарактуу.

Үчүнчү категорияга биринчи жана экинчи категорияга кирбеген өлкөлөр кирет. Бул өлкөлөрдөн учууга тыюу салынат. Эгерде сертификаттары бар болсо, чектөөлөрдөн бошотулат, эгерде сертификат жок болсо, аларга ПЦР тест тапшыруу жөнүндө эскертүү берилип, эвакуация чартердик рейстер менен жүргүзүлөт.

20-июндан тарта эл аралык каттамдар калыбына келтирилгенден бери Түркиядан Казакстанга 17 каттам жасалып, 2163 жүргүнчү келген.

Copyright © 2017 Maral FM