Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 7200гө жакындады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 460 | 0

Өзбекстанда бир суткада 276 адамга коронавирус инфекциясы жугуп рекорддук көрсөткүч аныкталды. Өлкөдө жалпы жуктурган  адамдардын саны 7200гө жакындады.

«2020-жылдын 25-июнунда саат 23:00 карата Өзбекстанда коронавирустук инфекциянын саны 7177ге жетти», — деп билдирген Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгиленгендей, Ташкент шаарында вирус карантиндик зоналардын аймагынан тышкары жерлерде дагы аныкталууда.

Өлкөдө коронавирис пайда болгондон бери 4877 адам коронавирустан айыгып, 20 адам көз жумган. Ошентип, учурда инфекция жуктуруп ооруканаларда дарыланып жаткандардын саны 2280ди түзөт.

Буга чейин Өзбекстанда жеке клиникаларга кайрадан коронавируска текшерүү жүргүзүүгө уруксат берилгени кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM