Биз менен байланышыңыз

Аскат Мусабеков үйлөндү

Көңүл ачуу , Шоу-бизнес | 25 Июн 2020 | 21534 | 0

Бүгүн, 25-июнь күнү  белгилүү ырчы, аткаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабековдун үйлөнүү тою өтүп жатат. Тойдо күйөө жолдоштук кызматын кылып жүргөн жакын досу элибиздин таланттуу ырчы мырзасы, маданияттын мыкты кызматкери Алтынбек Кыдыралиевге байланышканыбызда той тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

-Азыркы учурда кызды алып кетүүгө баратабыз, Аскаттын өмүрлүк жары, буюрса, кыргыз элине жакшы ырлары менен таанылып  келе жаткан, таланттуу ырчы кыз — Миргүл Асаналиева. Аскаттын  келинчеги Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынан, ал эми Аскат өзү  Ак-Моюн айылынан болот,- деп билдирди. 

Өкүл атасы КРнын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев болду. Тойго белгилүү төкмө акын КРнын Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев жана маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Кубаныч Ажыбаев катышты.

Copyright © 2017 Maral FM