Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирустан 4,5 миллиондон ашык адам айыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 680 | 0

Жонс Хопкинс университетинин, федералдык жана жергиликтүү бийликтердин ошондой эле, ЖМКлардын жана башка булактардын маалыматтарынын негизинде коронавирустун жаңы түрүнөн айыккан адамдардын саны 4,5 миллиондон ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Москва убактысы боюнча саат 04:33Тө коронавирустан айыккан адамдардын саны 4 млн 510 миң 707 кишиге жеткен.

Аталган вирустан айыгып кеткен адамдардын эң көп саны АКШда болуп, жалпы 640 миң 198 адам сакайган. Ошондой эле, Бразилияда — 601 миң 736 адам айыккан.

Дүйнө жүзү боюнча жалпысынан 9 млн 073 миң 386 адамга коронавирус жуккан. Ошол эле учурда аталган вирустан 471 миң 591 адам каза тапкан.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта жаңы COVID-19 коронавирус инфекциясы жайылгандыгын айтып, коронавирусту пандемия деп жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM