Биз менен байланышыңыз

«Сентябрда жок дегенде 1-класстар үчүн мектеп ачылышы зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июн 2020 | 4031 | 0

Эгер шартка байланыштуу жаңы окуу жылы да аралыктан окутуу менен башталса, анда башталгыч класс же 1-класстарга билим берүү маселеси кандай болот? Бул суроого Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов агай төмөнкүдөй жооп берди:

Чынында, 1-класстарга онлайн сабак берүү дегенди мен өзүм да элестете албай турам. Себеби оозеки сабактарды онлайн айтып, түшүндүрсө болот. Бирок, мектеп босогосун жаңы аттаган окуучуга жазууну мугалим жанында болуп үйрөтпөсө болбойт. Мындан улам, менин жеке пикиримде, эгер шартка байланыштуу аралыктан окуу чечими кабыл алынса деле, 1-класстарды мектепке алып келүү керек. Ансыз деле мектептер бош болсо, окуу каналарына социалдык аралыкты сактоо менен отургузуп, билим берүү зарыл. 1-класста билим берүүнүн пайдубалы тургузулат. Ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберсек, анда алардын келечегине балта чапкан болобуз, — деп билдирди Алмаз Токтомамбетов.

Белгилей кетсек, «Марал» радиосунун «Күн чабыт» программасынын алкагында «Онлайн билим берүүнүн күңгөй-тескейи» деген тема талкууланды. Чыгарылыштын толук видео вариантын төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот:

"Күн чабыт" программасыТема: Онлайн билим берүүнүн күңгөй-тескейиКонокто: Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Понедельник, 22 июня 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM