Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө вируска чалдыккандардын саны дээрлик 8,8 миллионго жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 747 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 8,5 миллион кишиден ашып, 450 миңден ашуун адам каза болгон. Ал эми Жон Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык, дүйнөдө бул илдетке чалдыккандардын саны дээрлик 8,8 миллионго жетип, алардын ичинен 464 миңи көз жумган.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. АКШда 2,2 миллион адамга жуккан. Экинчи орунда Бразилия (1,03 миллион), үчүнчү Орусия (584 миң),төртүнчү  Индия (410 миң), бешинчи орунда Улуу Британия (304 миң) турат.

АКШнын президенти Дональд Трамптын үгүт штабынын алты мүчөсү COVID-19 вирусун жуктуруп алышты. Жакында Трамптын администрациясы визаларды берүү боюнча чечимин жарыялайт. Анда бир нече визанын түрүн берүү убактылуу токтотулушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Азыр көп адамдар жумуш издеп жатышат. Бул сан тездик менен өсүүдө, — деп Трамп АКШдагы коронавирус пандемиясынын байланыштуу жумушсуздуктун деңгээлин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM