Биз менен байланышыңыз

22-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 429 | 0
Автор: Зефер Динжер

22-июнда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+…18, күндүз +32…+…37;

Таласта түнкүсүн +13…+…15, күндүз +32…+…34;

Ош, Жалал-Абад, Баткен областарында түнкүсүн +15…+…20, күндүз +33…+38…;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29…;

Нарында түнкүсүн +5…+10…, күндүз +23…+28…;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16…, күндүз +34…+36….

Copyright © 2017 Maral FM