Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 6216га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 511 | 0

Өзбекстанда 21-июнь саат 10:00гө карата коронавирустук инфекциянын жаңы 63 учуру катталып, вирусту жуктургандардын жалпы  саны 6 миң 216 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, жергиликтүу басылмалар жазды.

Жаңы катталган учурлардын 48и карантин борборлорунда, Бухара облусунда- 13, Сырдарья облусунда- 2 учур катталган.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Учурда өлкөдө 6 миң 216 адам илдет жуктурса, алардын 4 миң 290 айыкты. Ошондой эле, коронавирус жуктурган 19 бейтап каза болду. 1 миң 907 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 15инин абалы оор болсо, бирөөнүн абал өтө оор.

Copyright © 2017 Maral FM