Биз менен байланышыңыз

Азербайжандын ири шаарларында күчөтүлгөн карантиндик режим киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 600 | 0

Азербайжан бийлиги коронавирустук инфекциялык абалдын начарлап бараткандыгына байланыштуу атайын карантиндик режимди 1-августка чейин узартууну чечти. Бул тууралуу CBC агенттиги жазды.

Мындан сырткары, Баку, Гянджа, Сумгаит, Ланкаран, Евлах, Масаллы, Жалилабад жана Абшерон районунда 21-июнда саат 00: 00дөн 5-июль саат 06:00 чейин күчөтүлгөн карантиндик режим киргизилет.

Ушул 14 күндүк мөөнөттө, аталган шаарлардын тургундары атайын SMS уруксаттардын негизинде гана батирлерин таштап кете алышат.

Бул шаарларда ошондой эле соода борборлору, тамактануучу жайлар, сулуулук салондору, чач тарачтар жана музейлердин иши токтотулат.

Акыркы 3 жуманын ичинде Азербайжанда инфекцияны жуктургандардын саны көбөйдү. Жума күнү Азербайжанда коронавирустун жаңы 438 учуру аныкталды, бул акыркы мезгилде инфекциялардын саны боюнча өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

Өлкөдө жалпы 11 миң 767 коронавирус инфекциясы катталып, алардын ичинен 6 миң 325 адам айыгып, 143 адам көз жумду. Учурда 5299 адам атайын дарылоочу ооруканаларда дарыланып жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM