Биз менен байланышыңыз

21-июнга карата дагы 170 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 1074 | 0

Бүгүн, 21-июнга карата коронавирус илдети 170 адамдан аныкталды. Жалпы катталган учур 3151ге жетти. Алардын 556сы медицина кызматкери.

Бишкек шаарында – 56, Чүй облусу — 43, Ош шарын– 14, Ош облусу – 22, Ысык-Көл облусу – 15, Баткен облусунда -1, Жалал-Абад облусу — 19. 

Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 30 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча илдеттен 2011 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде дагы 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Чүй облусунда – 4, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 1, Баткен облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 556 учур катталды, алардын ичинен 387 медкызматкер стационарлардан айыгып, үйүнө чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM