Биз менен байланышыңыз

Президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу боюнча мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 1944 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча» мыйзамга кол койду. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам менен шайкеш келтирүү.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, депутаттык ыйгарым укуктарды мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттык сактоо мекемесинин жетекчиси кызматы менен айкалыштырууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM