Президент Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча» мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган.
Аталган мыйзамдын максаты — «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам менен шайкеш келтирүү.
Кабыл алынган мыйзамга ылайык, депутаттык ыйгарым укуктарды мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттык сактоо мекемесинин жетекчиси кызматы менен айкалыштырууга болот.