Биз менен байланышыңыз

Казакстанда бир суткада 428 адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 569 | 0

Акыркы суткада Казакстанда дагы 428 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Республика боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 16 779 адамды түзсө, анын ичинен 10 411 (+272) бейтап айыкты. Каза болгондордун саны — 113.

Казакстан 20-июндан тарта кошуна мамлекеттер менен аба каттамын жандандырат. Азырынча бул тизмеде 6 өлкө бар: Түркия, Кытай, Түштүк Корея, Таиланд, Грузия жана Япония.

1-июлга чейин Азербайжан менен авиакаттамды жандандыруу маселеси каралууда. Андан сырткары, Германия, Бириккен Араб Эмирлиги, Польша, Венгрия жана Чехия өлкөлөрү менен аба каттамдарын жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM