Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Орусиядагы жарандарын алып келе баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 402 | 0

Тажикстан Республикасы 25-июндан тартып Орусиядагы жарандарын алып келе баштайт.

Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Москва, Санкт-Петербург, Казань, Новосибирск жана Екатеринбургдан жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдар уюштурулат.

Чартердик каттамдарга биринчилерден болуп оорулуу кишилер, жаш балалуу аялдар, кары-картаңдар, студенттер жана Орусияга иш сапар үчүн барып кайта албай калгандар алынат. Алардын тизмесин тактоо үчүн атайын комиссия түзүлмөкчү.

Тажикстандын аэропорттору пандемияга байланыштуу 20-мартта эл аралык каттамдарды кабыл алууну токтоткон. Мындан улам Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Германия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөгү көптөгөн тажикстандыктар мекенине кайта албай калышкан.

Тажикстандын бийлиги 1-июлдан тартып Өзбекстан жана Дубайга учактар каттай баштарын билдирген. Аба жолдорун ачуу боюнча Орусия, Түркия жана Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM