Биз менен байланышыңыз

Ташкентте КМШ өлкөлөрүнүн «бизнес демилгелер» жумалыгы өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 309 | 0

9-13-сентябрда Ташкентте КМШга мүчө мамлекеттердин бизнес демилгелеринин жумалыгы өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, иш-чарага даярдык көрүү планы өкмөттүн буйругу менен бекитилген.

Бул жуманын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн туристтик жана экономикалык форумдары, ошондой эле үч көргөзмө-экспорттук потенциал, азык-түлүк жана айыл чарба продукциялары, шериктеш өлкөлөрүнүн фольклордук жана прикладдык искусствосу өткөрүлөт.

Өзбекстан быйыл КМШга төрагалык кылат. Май айынын аягында КМШнын Өкмөт башчыларынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кийинки жолугушуу 6-ноябрда Ташкентте өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM