Биз менен байланышыңыз

Эстрада ырчылары Зарлык Камбаралиев менен Айганыш Абдиева: «Сен менде ганасың” аттуу дуэт жаздырып, клип тартты

Жаралып жаткан жаңы эмгектери тууралуу Зарлык Камбаралиев төмөнкүлөргө токтолду: 

-Ырдын сөзү, обону өзүмө таандык. Буга чейин Айганыш Абдиева экөөбүз интернетке кавер кылып аткарып салып жүргөнбүз. Ыр көп көрүүчүлөрдү топтоочу, ушундан улам, дуэт аткаруу тууралуу ой келди. Ушул себептен аталган ырды жазып, дароо клип тарталы деп чечтик. Клип Сары-Челекте төрт-беш күндүн ичинде тартылып бүттү. Эч кандай сюжетти деле камтыган жокпуз, башкы ролдорду деле экөөбүз аткардык. Жөн гана бактылуулукту көрсөткүбүз келди. Азыркы кырдаалга байланыштуу, ошондой эле каражат жагы тартыш  болгондуктан, атайын актерлорду катыштырып тарта алган жокпуз. Буюрса, клип монтаждалып жатат. Жакын арада эл назарына сунулат.

Copyright © 2017 Maral FM