15-июнга карата бир сутка ичинде Казакстанда дагы 313 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу ыкчам штаб маалымдады.
Жаңы учурдун аймактар боюнча бөлүнүшү:
- Нур-Султан шаарында — 77
- Караганда облусунда — 47
- Алматы шаарында — 31
- Батыш Казакстан облусунда — 30
- Чымкент шаарында — 26
- Атырау облусунда — 23
- Түндүк Казакстан облусунда — 15
- Актөбө облусунда — 12
- Түркстан облусунда — 11
- Чыгыш Казакстан облусунда — 10
- Алматы облусунда — 8
- Жамбыл облусунда — 8
- Кызылордо облусунда — 7
- Павлодар облусунда — 3
- Костанай облусунда — 2
- Акмола облусунда — 2
- Мангыстау облусунда — 1
Республика боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 14 809 адамды түздү, анын ичинен 9,1 миңден ашык адам дарыланды. Каза болгондордун саны 77ге жеткен.