Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 600 | 0

Өзбекстанда көзөмөлгө алынган зонадагы режимдер, ошондой эле күчөтүлгөн санитардык эрежелер 1-августка чейин узартылды. Өлкөдө 15-июндан тарта «жашыл» жана «сары» зонадагы жеке бала бакчалар ачылат. Ал эми мамлекеттик бала бакчалар 1-августка чейин жабык болот.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 15-июндан тарта Өзбекстандагы тамак ичүүчү жайлар, кийим-кече базарлары ачылат. «Кызыл» зонадан башка аймакта ички поезд каттамы жанданмакчы.

Өзбекстанда жалпы 5 миң 80 адамга коронавирус жуккан. Анын ичинен 77 пайызы, тактап айтканда 3 миң 943 адам айыккан, 19 адам көз жумду. Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы адам 15-мартта аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM