Connect with us

Казакстан: Коронавируска кабылган Саламаттыкты сактоо министри ооруканада дарыланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 711 | 0

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус жуктуруп алды. Мындай кабар менен министр өзүнүн фейсбуктагы баракчасында бөлүштү.

-Достор, тилекке каршы, жагымсыз кабарымды маалымдоого туура келүүдө. Акыркы ирет тапшырган анализде коронавирус жуктуруп алганым аныкталды. Бул вирустун белгиси байкалбаган түрү эмес экен, ошондуктан мен инфекциялык госпиталда дарыланып жатам, — деп жазган Биртанов.

Ошондой эле, санитардык эрежелерди толук аткарганына карабай, вирусту жуктуруп алганын кошумчалаган.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус менен катталгандар 14,8 миңден ашып, анын ичинен 9,1 миңден ашык адам дарыланды. Каза болгондордун саны 77ге жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM