Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирустун саны 4800дөн ашты

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп ооругандардын саны 4800дөн ашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Өзбекстанда 12-июнда саат 10:00 карата коронавирустук инфекциянын саны 4819га (+78) жетти», — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы катталган 78 учурдун 66сы карантин борборлорунда аныкталган, Бухара жана Сырдарья облустарында 5 учур, Самарканд облусунда 2 учур катталган.

Өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 3637 адам айыгып, 19 адам көз жумган. Ошентип, учурда инфекция жуктуруп дарыланып жаткандардын саны 1163 адамды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM