Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда вирус жуктургандардын саны 4834кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 633 | 0

Тажикстанда 11-июнга карата алынган маалымат боюнча 71 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Бул тууралуу коронавирус боюнча бирдиктүү улуттук порталга таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Ошондой эле бир суткада коронавирустан 1 бейтап каза болду. Ал эми өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 4 миң 834 адамга жетти. 3 миң 62 бейтап айыгып, бул илдеттин кесепетинен 49 бейтап көз жумду.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган.

30-апрелден тартып өлкөдө бардык базарлар жабылган.

1-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери бар миссиясы өлкөгө келген.

Copyright © 2017 Maral FM