Биз менен байланышыңыз

12-июнга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 543 | 0

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, эртең, 12июнда түнкүсүн айрым райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми күндүз ЫсыкКөл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда, ЖалалАбад облусунун тоолуу аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Талас, ЖалалАбад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаанчачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22

Борбор калаа Бишкек шаарында жаанчачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13 градус, күндүз +25…+27 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM