Биз менен байланышыңыз

Хейтерлерге жооп: ийгиликсиз адамдар негативди көп жазышат

Көңүл ачуу , Марал шоу | 11 Июн 2020 | 1408 | 0

Эл алдында жүргөндүктөн шоу бизнес өкүлдөрүнүн ар бир жасаган иши,  дайыма коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, талкууга алынат. Катуу сынга кабылып, дарегине жаман пикир айткан адамдар тууралуу атактуулардын ою кандай болду экен?

 Гүлжайна Атаканова — ырчы,куудул

  • —  Жаман пикир ким алдыга чыгып бара жатса, ошол адамга карата айтылат. Башында мындай сөздөрдү окуп, маанайым түшкөн кездер болгон. Бирок, азыркы учурда андай пикирге такыр маани бербейм. Анткени, ошондой ойлорду калтыргандар, коркок, ийгиликсиз, жан дүйнөсү жарды адамдар болушат деп ойлойм. Мен жөнүндө жаман жазган адамдардын өзү менен байланышып: «Келиңиз сүйлөшөлү, мен тууралуу билбей жаман сөз айтпаңыз, жолугалы» — деп чакырган учурларым болгон. Ошондо “эл жазса эле жазып койдум эле, кечирип коюңуз»,- деген адамдар да чыккан. Эгерде, мага сен ырдабай эле койчу деп жазышса, мен, тескерисинче, ырдайм, ошол адамга кайра бактылуу болуңуз деп эле  жакшы жооп берип коём. Аларга убактымды коротпойм, сүйлөп-сүйлөп калышат да.

 

Альбина Имашова — актриса

  • —  Негизи, менин дарегиме жаман пикир көп жазылат го деп ойлочумун. Себеби, аткарган ролдорумдун баары терс каармандын образы, анан жараткан образым жакты окшойт. Элден жаман пикир деле келбейт. Өзүмдү мактай албайм (күлүп). Ал эми жаман сөздү кабыл алууга деле даярмын. Анткени, эл алдында жүргөндөн кийин, сөзсүз андайлар айтылат. Өзүмө токтоло турган болсом, эч качан бирөөгө жаман сөз жазбаптырмын. Эгерде ошондой ой-пикирди  айта турган болсом, ал адамдын өзүнө жолугуп, бетине айтканга аракет кылам.

 

Урмат Усенов — ырчы

  • —  Менимче, терс пикир калтыра турган адамдар үчүн менин баракчам кызыксыз болсо керек.Чынын айтканда, өзүм деле укмуш элдин көңүлүн бура турган жаңылык жазбайм. Күнүмдүк эле жашоо, турмуштагы көрүнүштү жазып жүктөп турам. Ал эми башка адамдын жашоосуна аралашып, билбей эле сүйлөп көрбөптүрмүн жана ушундай бирөөнү жакшы тааныбай эле, жаман сөз жазган адамдарды чынын айтайын, эч түшүнбөйм. Ал инсандар бул нерсенин күнөөсү оор экенин билишсе, жазбай калса керек. Эгерде, адамга  айтылчу ой-пикириң болсо, жеке өзүнө кайрылып айткандан өтөрү жок деп ойлойм.

 

Асель Турдалиева  — КРнын Эмгек сиңирген артисти

  • — Мага андай деле жаман пикир айтылбайт. Бирок, албетте, эл болгондон кийин ар кандай адамдар болот да, калп эле көңүлүңдү түшүрүш үчүн жаман сөздөрдү жазып коёт. Интернет мынчалык өнүгө элек учурда деле ушак айтылчу. Белгилүү гезиттер өздөрүнүн товарын сатуу үчүн темаларын ар кандай кылып бурмалап койгон учуру болчу. Андай убакта мен дароо кайсы сайт же гезит болсо, кызматташууну токтотуп койчумун. Азыр болсо, жаман сөздөрдү жазган адамдарды дароо кара тизмеге салып коём. Бирок мага азыр анчалык деле жаман пикир жазгандар жок.

 

Чолпон Талипбек — ырчы

  • — Башында өзүмө айтылган жаман пикирлерди угуп алып, ыйлаган учурларым болгон. Кийин көп деле маани бербей калдым. Мен ойлойм, хейтерлер биздин ашынган күйөрмандарыбыз. Себеби, ар бир баскан кадамыбызды билип,көңүл буруп турушат. Сын айткан адамдар өздөрүнүн жашоосунда көп ийгилик болбогон, бир топ кыйынчылыкты көргөн адамдар болсо керек. Азыркы учурда жакындарым тарабынан айтылган сындарды гана кабыл алам, анан жөн эле билип-билбей жазган жаман билдирүүгө убактымды кетирбейм.

 

Алмаз Шаадаев — ырчы

  • —  Эң алгач  2011-жылы жаңы клип тартып, ошол жаралган эмгегиме  хейтерлердин жазганын окуп алып «апээй ушундай да болобу» деп таң калгам (күлүп). Мен хейтерлер бирөөгө жакшылык каалабаган адамдар болсо керек деп ойлойм. Жөн гана убактысын коротуп жаман сөз жазышат.Акыркы учурда мага көп келген сын пикирлер — “керсейип жүрөсүң” деген сөз болот. Аларга ушундай көрүнөт окшойм. Ошол адамдарга  жакшылык гана каалайм, бактылуу болушсун, ар дайым ушинтип жаман пикир калтырып жүрө беришсин (күлүп).

Copyright © 2017 Maral FM