Биз менен байланышыңыз

Ырчы Калыс Жакыпов жана алып баруучу Айзада Жамгырчиева клип тарттырды

Бек Борбиевдин “Сен дедим” аттуу чыгарамасын дуэт кылып жаңылап ырдап чыккан ырчы Калыс Жакыпов жана Айзада Жамгырчиева клип тарттырды. Бул тууралуу ырчы  Калыс Жакыповго кайрылганыбызда жаңы эмгеги тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

-Көптөн бери эле дуэт ырдагым келип жүрчү. Айзада эже менен мурун чыгармачылык байланышыбыз бар болгондуктан, Бек Борбиев агабыздын “Сен дедим” аттуу чыгармасын аткарып, клип тартканга өттүк. Клип бир жума мурун Бишкек шаарында тартылды. Айта кетчү нерсе бул эмгекте  башкы каармандын ролун талантуу актер агабыз Марат Жанталиев аткарган эле. Эми минтип улуу инсандан айрылып олтуруп калганыбызды кара… Сьемка учурунда жакшы эле жүргөн. Биздин клип Марат мырзанын  акыркы видео тасмалары болуп калды. Жаңы клип кийинки жумадан баштап элдин сынына коюлат.

 

Copyright © 2017 Maral FM