Биз менен байланышыңыз

Акаев: Селден жабыркагандарга кошумча күч, техника жөнөтүү керек

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 280 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин 10-июндагы жыйынында Нарын шаарында селден жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында кошумча күч жөнөтүү керектигин билдирди.

Эл өкүлү турак жайын камсыздандырбагандарга мамлекеттен кандай жардам берилерине кызыкты.

Мамлекеттик камсыздардыруу уюму ААКсынын төрайымы Жумагүл Эгербердиеванын айтымында, Нарын шаарында сел коркунучунан камсыздандырууда турган 5, ал эми шамалдан 8 үй жабыркаган. Эгерде турак жай камсыздандырылган эмес болсо, ӨКМден тийиштүү ссуда берилбейт.

Акаев турак жайын камсыздандырбаган жарандар үчүн да ӨКМ кошумча күч жөнөтүшү зарыл экенин белгиледи.

-Үйлөрдү 1.5 метрге чейин сел каптаган, азыр ылай, топурак болуп жатат. ӨКМден 2-3 гана кызматкер иштеп жатат. Мындан улам, ӨКМ сөзсүз кошумча күч, техника жөнөтүү керек. Эл үйлөрүн өздөрү тазалоодо, — деди депутат.

Эске салсак, 3-июнда Нарын шаарында нөшөрлүү жаандан улам, коктулардан келген суулар селге айланып, Чоң-Нарын каналынан ашып кеткен. Анын кесепетинен Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 50 турак үйдүн ичине суу кирип, короолорун каптаган. 32 турак үйдүн короосуна, 3 көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген.

Ошондой эле, селдин кесепетинен улам, 4 турак үй авариялык абалга келген. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM