2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутунун өкүлдөрүнүн ортосунда массалык кагылышуу болуп, эки тараптан тең көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылып, уруш, талап-тоноо, үй-жайларды, имараттарды өрттөө, каракчылык өңдүү каргашалуу окуялар менен коштолду.
Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн каргашалуу «Июнь коогалаңына» быйыл 10 жыл болду. Буга байланыштуу коогалаң кандайча башталып, анда кандай көрүнүштөр орун алгандыгын баяндаган окуялардын хронологиясын сунуштайбыз.
2010-жылы 10-июндан 11-июнга караган түнү жаштар арасында чыккан чыр күч алып, улуттар аралык жаңжалга чейин өсүп жетти.
10-июнь күнү Алай мейманканасынын жанында кыргыз жана өзбек элинин адамдары, айрыкча, жаштар чогулуп, пикир келишпестиктер күч алган.
Ошол түнү эле бир топ жерде өрт коюлуп, каракчылык орун алган.
Аларды токтотуу үчүн келген ИИМ кызматкерлери атайын курал-жарак менен камсыздалбагандыктан жаракат алышып, унааларына өрт коюлган.
Бул окуядан соң Ош, Өзгөн шаарларында жана Араван менен Кара-Суу райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Ошондой эле, Ош шаарына кошумча аскер жана аскердик техникалар жөнөтүлгөн.
Ошто башталган чыр 12-июнь күнү Жалал-Абадга жеткен. 12-июнда түштөн кийин Жалал-Абадда ок атышуулар орун алып, алгачкы курмандыктар катталган.
Коогалаңдын кесепетинен миңдеген жарандар турак-жайларын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, чек арадан 75 миң адам өткөн.
Абал турукташкан соң, качкындардын 95-98 пайызы кайтып келген. Артка кайткан Жалал-Абаддын тургундары үйлөрүнө жайгашса, Ош шаарындагы турак-жайлары өрттөнгөндөр убактылуу лагерлерге кабыл алынган.
Ош ИИБдин ошол учурдагы башчысы Курсан Асанов элди тосмолорду алып салуусун өтүнүп, элди ымала түзүүгө көндүрүүдө
10-июнда башталган тополоңду күч түзүмдөрү 14-июнда гана көзөмөлгө ала алган. Бул аралыкта бир нече саясатчылар, жарандык активисттер чырды басуунун аракетин кылып жатышты. Ошондой эле, жаңжалдан жабыркаган элге гуманитардык жардам берилип турду.
2018-жылы Ош шаарында 2010-жылдагы кооголаң учурунда дайынсыз жоголгондорду эскерүү максатында алардын аты жазылган бешик эстелик орнотулган.
— «Июнь коогалаңы» боюнча козголгон кылмыш иштеринин көпчүлүгү талап-тоноочулук, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү ж.б ушул сыяктуу. Ал эми ошол окуяларды болтурбай, алдын алуу иш-чаралары жүрбөгөнү үчүн эч ким саясий жоопкерчиликке тартылган жок. Мындан улам, мен бул коогалаңга толук баа берилип бүтө элек деп эсептейм. Бирок, тарыхий баа бериле элек деп, бул окуяларды унутуп койбош керек. Келечек муун бул окуялардан сабак алып, дайыма эскерип турушу зарыл,- дейт саясатчы Камчыбек Ташиев.
Эскерте кетсек, 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон июнь окуясында 446 адам каза тапкан. Он миңге чукул жарандар жаракат алган. Ал эми бул окуя боюнча 5 миңден ашык кылмыш иши козголуп, 488и боюнча сот чечими чыккан. Калган 3000ден ашык иш убактылуу токтоп турат.