Биз менен байланышыңыз

Бүгүн түштүктөгү улут аралык жаңжалга 9 жыл болду

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 728 | 0

Бүгүн 2010-жылы Ош жана жалал-Абад облустарында болгон улут аралык жаңжалга тогуз жыл болду.
Мындан толук тогуз жыл мурда Ош шаарында тутанган кыргын 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган. Бул күнгө карата Ошто жана Жалал-Абадда маркумдарды эскерүү иш-чаралары белгелнген.
Ош шаарында жана Жалал-Абад облустарында эскерүү иш-чарасы коогалаңда каза болгондорго багыштап куран окулат.
2010- жылдын 10-июнунда жүрөк титиреткен кандуу жаңжал алгач Ош шаарында башталган. Бара-бара кандуу кагылышуулар түштүк аймагынын башка
жерлерине да жайыла баштаган.
Андан 400дөн ашык адам каза болуп, миңдеген жарат алышкан.
Коогалаң учурунда укук коргоо органдарынан жана аскер бөлүктөрүнөн 1058 ок атуучу курал жана жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM