Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында июнь окуясы эскерилди

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 711 | 0

Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу Июнь окуясы, андагы каза болгондор жана дайынсыз жоголгондор эскерилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерүү шаардагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде өттү. Ага вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык Кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, коомдук ишмерлер, окуя учурунда каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты.

Эскерүү алгач окуяда көз жумгандарга куран окуу менен башталып, эстеликке гүл чамбарлар коюлду.

Расмий бөлүктө сөз сүйлөгөн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов калаада улуттар аралык бөлүнүүгө жол берилбей турганын, учурда ынтымакта жашоо уланып жатканын билдирди.

Расмий бөлүк бүткөндөн кийин вице- премьер-министр баш болгон бийлик өкүлдөрү жабыр тарткандарга берилген үйлөрдө жашап жаткан жарандардан кабар алышты.

Copyright © 2017 Maral FM