Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Июнь коогалаңы боюнча китеп жаздым, бирок аны жарыялагандан кооптонуп турам

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2020 | 1934 | 0

Саясатчы Камчыбек Ташиев 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн каргашалуу «Июнь коогалаңына» байланыштуу китеп жазды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

Ташиевдин айтымында, китеп болуп өткөн чындыктын негизинде жазылган.

-Мен, негизи, ошол окуялардын ичинде жүрүп, улут аралык чырды токтотууга салым коштум. Ушундан улам, өз көзүм менен көргөн, күбө болгон окуялардын баарын кагазга түшүрүп, китеп кылып чыгарууга даярдап койгом. Бирок, аны басып чыгарып, элге таратуудан кооптонуп турам. Себеби мен болгонун болгондой жазганмын. Өзүм чыгармачыл адам эмесмин, ошондуктан китепти көркөмдөбөй жаздым. Китепти элге жеткирсем, эл аны кандай кабыл алат деп ойлонуп турам. Балким, бул китеп менден кийин жарык көрөбү? Азырынча аны жарыялаганга убакыт келе элек болсо керек, — деп билдирди саясатчы.

Белгилей кетсек, саясатчы Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы июнь окуясында коогалаңдын масштабын жайылтпай, анын алдын алууда өз салымын кошкон кыргыз саясатчыларынын бири.

Copyright © 2017 Maral FM