Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында июнь окуясы эскерилди

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 619 | 0

Ош шаарында июнь окуясынын 11 жылдыгы эскерилип, шейит кеткендерге куран окулду.

«Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде болгон иш-чарада гүлчамбарлар коюлду.

Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, Ош окуясында шейит кеткендердин үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.

Мындан тышкары «Шейиттер биримдиги», «Түштүк коогалаңынын шейиттеринин өчпөс оту» «Бирдиктүү эл», «Ош окуясынын дайынсыздары», «Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери», «Өчпөсүн коломто» коомдук бирикмелерине шаар башчысынын атынан акчалай жардам берилди.

Copyright © 2017 Maral FM