Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабиясы зыяратчылардын санын чектейт

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 287 | 0

Сауд Арабиясы пандемияга байланыштуу зыяратчылар үчүн бериле турган квотаны кыскартарын билдирди. Ушул тапта королдукта коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 100 миң кишиден ашты.

Сауд Арабиясы мартта зыяратчыларды кабыл алууну токтото турганын маалымдаган.

«Рейтер» агенттиги өз булактарына таянуу менен, королдук чектелүү сандагы зыяратчыларды кабыл алууну баштай турганын жазды. Королдукка келгендер медициналык кароодон өтүп, бардык санитардык эрежелерди сакташы керек. Ал арада Саудия өтө улгайган кишилердин ажылык сапарына чектөө киргизүүнү пландоодо.

Башка бир булак королдук бул талаптарды аткаруу менен буга чейин ар бир өлкөгө берилген квотанын 20%ын орундатууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Ошол эле маалда Сауд Арабия өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү быйыл ажылык сапарды толугу менен токтотууну жакташууда. Быйыл ажылык сапар августтун башында башталышы керек.

Королдук бул боюнча расмий түрдө билдирүү тарата элек.

Расмий маалыматтар боюнча, 2019-жылы 2,6 миллион зыяртачы ажылык парзын аткарып, дагы 19 миллион мусулман умрага барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM