Биз менен байланышыңыз

Мечиттерде карантинден кийинки биринчи күн (сүрөт, видео)

Блог | 8 Июн 2020 | 888 | 0

Республикалык ыкчам штабдын чечимине ылайык, мечиттерге барууга бүгүн 8-июндан тарта уруксат берилди. Кыргызстанда 18-мартта алгачкы жолу коронавирус катталып, көпчүлүк мекеме-ишканалар жабылган, алардын катарында мечиттер да жабылган болчу. Учурда коомдук жайлар кайра ишин жандантууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар бир катар эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

Мечитке ибадат кылуучулар беткап тагынып, дене табы текшерилип, адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сакталып, даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо керек.

Ошондой эле жаш балдар жана жашы өтүп калган кары-картаңдар, ошондой эле ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу сунушталат. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетиши керек. Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда окулат.

Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала барышы сунушталат.

Бүгүндөн тарта республикадагы бардык мечиттер өз ишин баштады. Мечиттердин карантинден кийинки биринчи күнү,  санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышы Бишкектеги «Махмуд ал-Кашгари» мечитинде бешим намазы убагында тартылган сүрөт жана видео баянды сунуштайбыз.

Фото: Айпери Жумабай кызы

Copyright © 2017 Maral FM