Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 4181ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июн 2020 | 296 | 0

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 4181 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 159 учур катталган. Ал эми 21 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн. Бир бейтап каза болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

8-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы коомдук транспорт иштей баштайт, метродон тышкары. Ошондой эле 8-июндан тарта диний мекемелер өз ишин жандантат.

Учурда өлкөдө 4 миң 181 адам илдет жуктурса, анын 3 миң 268и айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 17 бейтап каза болду. 896 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын 11инин абалы оор болсо, үчөө өтө оор абалда.

Copyright © 2017 Maral FM